ММК

"Фабула": "Сотто Текебаевдин сөөгүн агартканча калп айттык" image Фото: www

15 Авг, 2017 4229

Басма сөзгө баяндама

Калп айткан сайын кудайлап... деп, "Фабула" бүгүнкү санын Бекназаров менен Ташиевди сүйлөткөн сүрөттү коюп – Сотто Текебаевдин сөөгүн агартканча калп айттык деген темада чыгарды. Бул тема кийинки бетте Текебаев калпычыларды эки эсе калпычы кылдыбы деген аталышта уланды. Интернетке “Бекназаров менен Ташиевдин жалган көрсөтмөлөрү мародерлорду кантип жаап-жашырууда? деген аудио сүйлөшүү тарап, коомго кызуу талкуу жаратканын бүгүн "Фабула" ушул аталышка жазды. Анда Азимбек Бекназаровдун үнүнө окшош адамдын “Акеңди көрдүң да? Байкуш кейпи саал кетип калыптыр. Дүйшөн ага караганда түзүгүрөөк отурду. Бирок сөөгүн агартканча калпты айттым. Ар калпты айткан сайын, Кудай өзүң кечир деп турдум”,-деп сүйлөгөнү угулат. Ал эми Ташиевдики деген үн сотто көрсөтмө берээр алдында Текебаевден кат алганын айткан:”Мага кат жазып жибериптир, “Камчы ука ,22си туулган күнүм болгон. Эсиңдеби, 23ү келип мени куттуктап вино бергенсиң”-дептир. Эсимде жок, вино берип куттуктаганым. 

Мен аны эч качан куттуктаган эмесмин. –дегенин угууга болот деп жазган бул макала аудио сүйлөшүү боюнча 14-августта Өмүрбек Текебаевдин берген  комментарийи менен да тааныштырган.  Анда ал бул сүйлөшүү  монтаж болушу мүмкүн экендигин, аудио жазууда Бекназаров “калп айттым, Кудай кечирсин!” деп жатат, аны сотто калп айтпаганын көрсөтмөсү далилдейт. Ташиевдин мага берген белеги дале ачылбай турат.  Унутуп калган болсо, келип алып кетсе да болот”  дегени жазылат,  боор ооруса боорго тебет деген ушу эмеспи,  деген "Фабула"- калп айткандарын  өздөрү айтып жатышса, Өмүрбек мырза алардын калп айтпаган калпычы кылып жатканы кызык... Ошондо кимиси накта калпычы болот ?- деген суроону коет. Темага улай дагы бир макала Текебаевди актаган күбөлөр: бири боор ооруса, бири коркок билишинен чочулап келишкенби деп аталды. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз