Mass media

Трамп: Түндүк Кореяга каршы курал колдоном image Фото: www

16 Авг, 2017 1200

Япониялык "Майнити симбун" гезитинин кабарчысы Сумирэ Куниэ, "Трамптын албууттануусу азиялык арстандардын жүрөгүнүн үшүн алууда" аттуу макаласын жазып чыкты. Анын айтымында Трамптын Түндүк Кореяга каршы курал колдоном деген сөзү  АКШ жана башка өлкөлөрдүн тынчын алды. 

Өткөн жумада Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин телефон аркылуу  сүйлөшкөн. Кытайдын лидери Трампты Түндүк Кореяга ашыкча сөз айтуудан жана кезектеги кадам таштоодон карманууга чакырык таштады. 

Ал эми Түштүк Кореянын бийлиги Вашингтондон Пхеньянга каршы күч колдонуунун ордуна, бул мамлекет менен тил табышуусун дагы бир жолу талап кылды-деп автор баса белгилейт. Кененирээк аудиодон укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов. Тааныштырган Бакыт Тапаев, Биринчи Радио.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз