Экономика

Назарбаев: Казакстан боордош элдин өнүгүп, өсүүсүн каалайт image Фото: gov.kg

16 Авг, 2017 2839

Казакстан Кыргызстан менен ар дайым бирге жана  боордош элдин өнүгүп, өсүүсүн каалайт. Мындай пикирин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Астанада болгон жолугушуусунда белгиледи. 

Жолугушуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөн өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында өттү. Анда Казакстан менен Кыргызстандын эки тараптуу кызматташуусу жана Евразиялык Өкмөттөр аралык кещешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча пикир алышуу болду. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз