Айыл чарба

Россиядан кайра арта кайтарылган товарлардын себептери иликтенет image Фото: www

22 Авг, 2017 9383

Россиядан кайра арта кайтарылган айыл чарба товарларынын себептери иликтенет. Бул туурасында Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинен билдиришип, Россия айыл чарба азыктарын көзөмөлдөө кызматына кат жөнөтүшкөнүн айттышты. Буга чейинки маалыматында Ветеринардык жана фитосанитардык кызматы Кыргыстандан ЕАЭБтин рыногуна сүт азыктарын экспорттоодо маселе жок экенини айтышкан. 

Ишкерлерди болсо мындай маселеге кириптер болуунун себептери кызыктырып жатат. Белгилей кетсек, жергиликтүү маалымат каражаттарында бир нече тонналаган каймак жана мөмө жемиштер сертификаты жок, мыйзамсыз деген жүйөө менен Россиянын аймагынан кармалып, артка кайтарылганы кабарланган. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз