Коргонуу жана коопсуздук

Кыргызстан - Россия аскердик-техникалык кызматташуу мамилелери талкууланды image

23 Авг, 2017 26774

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөбүзгө жумушчу сапары менен келген Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосунда аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдөгү түйүндүү аспектилери талкууланды. Президент Алмазбек Атамбаев менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев ошондой эле аймактагы жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелерин дагы талкуулашты. Николай Патрушев өлкөбүзгө Кыргызстан менен Россиянын компетенттүү мамлекеттик органдарынын ортосунда пландаштырылган жумушчу кеңешмесине катышуу үчүн келген. Жолугушууга Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров дагы катышты. 

Андан соң, Николай Патрушев менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров дагы жолугушту. Тараптар белгилегендей, бүгүн эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда пландалган жумушчу консультациялар коопсуздукту камсыз кылуу сыяктуу профилдик багытта жана кыргыз-орус алакасынын учурдагы маселелерин кошумча түрдө талкуулаганга өбөлгө түзөт. 

Терроризм жана экстремизмге каршы биргеликте күрөшүү чөйрөсүндө, аскердик-техникалык кызматташууда, ошондой эле Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалын жакшыртуу боюнча кызматташтык каралат. Патрушев жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин кеңири талкуулаганга мүмкүнчүлүк берерин билдирди.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз