Өзбек тарапка өтүп кеткен айрым жерлер мамлекетке кайтарылды image Фото: www

25 Авг, 2017 29518

Чек араны тактоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын өткөн жылдын күз айынан бери сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, өзбек тарапка өтүп кеткен Баткен  облусундагы айрым жерлер мамлекетке  кайтарылды. Аймактагы Сох анклавынын айланасындагы 400 гектар жайыт жер, Кадамжай району менен Өзбекстан чегиндеги талашка түшкөн 301 гектар жер жана аталган райондогу Кара-Жантак айылы кайрадан Кыргызстандын карамагына өттү. 

Мына ушундай эле ийгиликтер Баткен облусунда акыркы 3-4 жыл ичинде байма-бай аткарыла баштады. Бул жумуштардын көпчүлүгү өкмөттүн өзгөчө статусу бар айылдардын социалдык, экономикалык абалын жакшыртуу боюнча кабыл алынган программасынын алкагында аткарып жатат деп билдиришет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз