Атамбаев: эми биз светти, газды өчүрөт, жолду бууйт деп коркпойбуз image Фото: gov.kg

28 Авг, 2017 4362

Акыркы 5-6 жылда Кыргызстан бутуна бекем турду, эми биз светти, газды өчүрөт, жолду бууйт деп коркпойбуз. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта президент Алмазбек Атамбаев жер көчкүдөн жабыркаган Ош облусундагы Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Атамбаев, Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугуп, көчкүдө жабыркагандарга 200 миң сом берди. 

Ошондой эле өлкө башчы элеттиктердин суроолоруна жооп берип, чек ара, турак-жайларды камсыздандыруу, жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы сыяктуу маселерди козгоду.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз