Policy

Сариевди жактагандардын калпы чыктыбы? image Фото: http://www.ktrk.kg

29 Авг, 2017 7139

Буга чейин  социалдык тармактарда жарыяланган Темир Сариевди кыргыз интеллегенциясы  колдошот деп таркатылган маалымат,  тизменин арасында болгон айрым адамдардын   нааразычылыгын жаратты. Алардын билдирүүсүндө Сариевди колдойбуз деп кол коюшкан эмес. 23- августа өздөрүн “Интеллектуалдык жүзилтик” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү деп тааныштырган бир- нече  адам маалымат жыйынын өткөрүп, президенттикке талапкер Темир  Сариевди интеллигенция өкүлдөрү колдойт деп ишендирип, 100дүн тегерегиндеги белгилүү адамдардын кол тамгаларын көрсөткөн.  Бирок ошол тизмеде көрсөтүлгөн   айрым кадыр барктуу инсандар  мындай тизмеден кабары жок экенин, Сариевди сыйлашаарын бирок мындай алдамчылык ыкма менен  талапкерине аброй топтобосун маалымат булактарына да, "Биринчи Радиого" да билдиришкени бар.   

“Интеллектуалдык жүзилтик” коомдук бириксинин өкүлдөрү тараткан тизменин арасында КР  баатыры Бексултан Жакиев, акындар Бактыгул Чотурова, Мукан Асаналиев. ЖК Аппарат жетекчиси Самат Ибраев бар бар болгон. Бирок баары тең Сариевди колдойбуз деп эч жерде кол койбогонун айтып чыгышты.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз