Mass media

"Кыргыз Туусу": “Кыргызтелеком” абройлуу адистерге муктаж image

5 Сент, 2017 1704

Басма сөзгө баяндама

Президенттин иш күндөлүгүндөгү эл аралык стандарт менен курулган, продукцияны тышкы рынокко экспорттоого багытталган "Жаңы завод ачылды" деген жакшы кабарды тема кылган "Кыргыз Туусунан" баштайлы. Бул тема гезиттин экинчи бетинде өлкө президентинин “Продукцияны ЕЭБдин рыногуна чыгаруу керек” деген сөзү менен коюлган макалада уланат. Мамлекет башчысынын иш күндөлүгүндөгү башка маалыматтар: аппарат жетекчиси Алмаз Усеновду кабыл алган учур "Күн тартибинде-өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясы" деген аталышта орун алды, президент Улуттук онкология жана гематология борборунда оңдоо-курулуш иштерин аяктоого 70 млн сом бөлгөнүн маалымдаган кабарлар ээледи. Кийинки позитив 2017-жылдын аягына чейин дагы 100 миңден ашык абонентке көгүлтүр отун жеткирилет деп аталды. 

Энергетикалык эгемендиктен жазылган бул позитив гезиттин алтынчы бетинде “Газпром Кыргызстан” көгүлтүр отун тартуулайт-деген аталышта сөз болот. Премьердин иш сапарынан жазылган макалалар бар. Бул маалыматтарды “Элибиздин көздөгөнү-туруктуулук жана өнүгүү, Ош “Акылдуу шаар” алкагында, Максат чек араны бекемдөө, “Кыргызтелеком” абройлуу адистерге муктаж, футболдук беттеш болбойт” деген аталышта тааныша аласыз. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз