Сокулук: мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү жаңы завод ишке берилди image Фото: gov.kg

5 Сент, 2017 4824

Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында жашылча, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү жаңы завод ишке берилди. 

Ишкананын ачылыш аземине өлкө башчы Алмазбек Атамбаев катышты. 

Заводдун курулушуна чегерилген каражаттын жалпы суммасы 5,5 миллион долларды түздү. 

Анын төрт миллиону Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан жеңилдетилген негизде каржыланды. Натыйжада жаңы 65 жумушчу орун түзүлдү. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз