Дүйнө жаңылыктары

Мьянмадагы кырдаалга дүйнө коомчулугу тынчсызданууда image Фото: www

6 Сент, 2017 3636

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги да  тараптарды бир пикирге  келип, чатакты жөнгө  салууга  чакырды. Талдоочулар  Мьянмада улуттар аралык жана  диний кагылыштардын болуп  келгендигине 40 жылдай убакыт болгондугун билдиришип, жакынкы күндөрдөн  бери башталган баш аламандыкка качкындар мекендеп келген Ракхайн штатында  баалуу  кен байлыктарды казуу  иши  башкы  себепкер  болушу мүмкүндүгүн божомолдошот. 

Кызыкчылыктардын кагылышынан   пайда болгон  мындай кайгылуу  көрүнүшкө башка өлкөлөрдүн  жарандарынын  тилектештигинин  билдирип жатышы   табигый  көрүнүш  дешкен талдоочулар кыргызстандыктарды сабырдуу  болууга  үндөшүүдө. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз