ММК

"Фабула": Эдил Байсалов канча акчага “сатылган”? image Фото: www

8 Сент, 2017 653

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" көзгө сүртөөр деп, "Ырысы тоодой Кулматов" деген теманын алдында жарык көрдү. Жаңы сандан Эдил Байсалов канча акчага “сатылган”? жоругуң жолдо калгыр, баланын ою жаман окшойт дегенди , Өзбекстан менен ачык- айрым баарлашып, чек ара маселесин чече баштоо чоң ийгилик, Мадумаров көрүнгөнгө көз кыскан эки жүздүүбү? Бекназаровго укурук салынабы дегенди окуурубузду алдыңкы бетинде жарыялады. Эми барактайлы. Белгилүүлөрдөн кыска жазган алгачкы бети Исаков ишти эмнеден баштады, Текебаевдин акыркы аракети, Нурлан Мотуев абактан качып кеткенби? 

Муфтият Итагардагы чырга тиешебиз жок дешет, абактагы Райкан Төлөгөновго операция жасалат, алына карабагандардын аброю түштү, Шайлоого ат салышчулардын катары азайды, Бет тырмаар же Келдибеков, Ташиев бетпактык кылып жатабы? Чыныбай Турсунбеков эмне мынча жүдөдү? Кулматовдон башка кадр жокпу деп аталган майда макалаларга толду. Карап алыңыз. Андан аркы бетинде Кыргызстан-Өзбекстан мамилесиндеги тарыхый күн туурасында жазылган көлөмдүү макала жана бул темада үн каткан же гезит узаткан өзбек президенти Кыргызстанга келди, эмне маселе чечилди деген суроодо жарандардын пикирлери жарык көргөн. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз