Шайлоо

БШК президенттик шайлоого 13 адамды расмий каттады image Фото: www

8 Сент, 2017 2366

Борбордук Шайлоо Комиссиясы 7- сентябрда КР президенттик кызмат ордуна талапкер 13  адамды расмий каттады. Бирок Боршайкомдун чечимине макул болбогон айрым талапкерлер шайлоо комиссиясын сотко беришкен. БШК маалыматы боюнча талапкердерди катто 2 күндөн кийин аяктайт. Ошондой эле 7- сентябрда кезектеги отурмуга чогулган БШК мүчөлөрү  айрым талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрүн каттады. 

Боршайкомдун маалыматы боюнча 9- сентябрда талапкерлерди каттоо аяктайт. Андан соң 10-сентябрда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. О.э Борбордук шайлоо комиссиясы, алдыдагы саясий өнөктүктү өткөрүү боюнча даярдыктар календарлык тартип боюнча баратканын айтышууда.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз