ММК

Түндүк Иракта жаңы мамлекет пайда болушу мүмкүн image Фото: www

11 Сент, 2017 1482

Россиянын Росбалт интернет булагынын журналисти Александр Желе: “Иракта диний азчылыкты түзгөн езид эли өз алдынча мамлекет курууга умтулууда” -аттуу макала жазды. Анын айтымында, 20-августта Ирактын түндүк тарабында жайгашкан Синджар шаарында жыйын курган езиддер   автономиялуу мамлекеттин негиздөө жөнүндө жарыялаган. Тарыхчы адистердин көз карашында  күрд  элинин бир бөлүгү езиддер зороастр, христиан, иудей жана исламдын негизинде куралган динди тутат. Бирок бул езид  калкы, тили күрд калкына окшош  болгону менен иш жүзүндө өздөрүн башка улут- деп эсептейт.  Дүйнө жүзүндө езид элинин саны 2 миллиондун  тегеринде.  Алардын басымдуу бөлүгү Ирактын түндүк тарабын мекендейт. Ирактык езиддер башка динди карманган үчүн “Ислам мамлекети”- деп аталган террордук уюм  аларга  аябай куугунтук көрсөттү. 

Орус кесиптеш бул маселе боюнча  тарыхчы  Михаил Магид  менен маек курган. Анын айтымында  25-сентябрда  Түндүк Иракты мекендеген  күрд элинин  азаттыгы  жөнүндө  референдум өтөт. Анын жыйынтыгы Күрд мамлекетин куруу  чечимин кабыл  алууга негиз берген. Анткени бүгүнкү күндө  иш жүзүндө Түндүк Иракта жайгашкан  күрд  автономиясы расмий Багдадка баш ийбейт. Күрд автономиясынын 100 миң аскерден турган өзүнчө армиясы бар. Анын үстүнө күрд автономиясынын Өкмөтү америкалык компаниялар менен келишим түзүп ,аларга ээн эркин мунай сатат. Күрд  бийлиги мунайдан түшкөн  каражатты  Багдаддын казынасына төкпөйт. Ушул  абалды пайдаланып,  езид  калкы   көз карандысыз мамлекетин түзгөнгө умтуулуда. Кененирээк аудиодон укса болот.

 Дүйнөлүк маалымат каражаттар уктуруусун даярдаган Алмаз  Батилов.Тааныштырган Бакыт Тапаев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз