ММК

"Фабула" : "Амбициялары ашынган төрт саясатчы бириге албады" image Фото: www

12 Сент, 2017 427

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" "Президенттик кызмат ордуна талапкер Өмүрбек Бабанов “Алдыга Жол” аттуу президенттик программасын жарыялады" деген жарнамалык таризде койгон теманын алдында жарык көрдү. Кыска макалалар менен толгон алгачкы бетинде "Талапкерлердин сегизи жигиттик макулдашуудан баш тартты", шайлоого 6-7 эле талапкер катышаары күтүлүүдө, “Раим миллонго” партлидерлер каарданууда, Исаков эми ишти Мамбетовдон баштаса, "Шыпыр же Азимбек Бекназаров" деген аталышта орун алды. Ушул жерде издөөдө жүргөн Нурлан Сулайманов Кыргызстанда эле жүрбөйбү же ал ыйыкпы деген чакан маалымат да бар. 

Шайлоо темасындагы кийинки макала Төртилик чачырады, Төрөбаев тобокелдикке баш урду деп аталды. Андан ары кайра жаралуу партиясы жаралбай жатып жалп өчтү деген гезит "Амбициялары ашынган төрт саясатчы бириге албады" деген теманы коюп, айрым инсандардын пикири менен тартуулады. Саясий партия түпкүлүгүндө жалпы улуттук кызыкчылыкты көздөгөн кандайдыр бир идеологияга таянып, негизделип түзүлүшү керек тилекке каршы азыркы кыргыз коому андай классикалык үлгүдөгү саясий партияларды түптөөгө өсүп жете элек деп буга бул төрт  тиликти мисал кылып, дегинкиси биздин көпчүлүк саясатчы сөрөйлөрдө жөпжөнөкөй моралдык ишеним,ички маданият дегендей түшүнүктөрү жок деген пикири менен журналист Абдувахаб Мониев бөлүшкөн.  

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз