Экология

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү коркунучу жоюла элек image

7 Март, 2016 326

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү коркунучу жоюла элек. Күн ысышына байланыштуу кооптуу абал аталган жолдун 121-137-чакырымдарында сакталууда. Мындан сырткары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя авто жолунун 62-100-чакырымдарында, Ысык-Көлдөгү Каракол-Эңилчек жолунда да кар көчкү түшүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек экенин эскертет.   

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз