Дүйнө жаңылыктары

Ракка шаарынын тургундары террорчуларга каршы көтөрүлүшкө чыгышты image Фото: http://arabmir.net

7 Март, 2016 660
ДАЕШ борбор калаа кылып алган Ракка шаарынын тургундары террорчуларга каршы көтөрүлүшкө чыгышты. Күбөлөрдүн айтымында митинг ири куралдуу кагылышууга айланып, демонстранттар бир нече согушчандарды жок кылышты. Шаардын айрым жерлеринде илинген кара байрактар өрттөлүп, анын ордуна Сириянын мамлекеттик желеги илинди. ДАЕШ   же  өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топ Ракка шаарын 2013-жылы басып алып, борбор калаасына айландырган. Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн аталган шаарды алууга жасаган аракетинен майнап чыкпай келет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз