World news

Киевде митингчилер орус элчилигине таш, жумуртка ыргытышты image Фото: http://ki.ill.in.ua

7 Март, 2016 467

Киевде митингчилер орус  элчилигине таш, жумуртка  ыргытышты. Абактагы украин учкучу Надежда Савченконун бошотулушун талап кылган жүздөгөн демонстранттар алгач Көз карандысыздык аянтында нааразычылык акциясын өткөрүшүп, андан соң элчиликке багыт алышкан. Савченко согуш болгон Луганск аймагында “Россия” телеканалынын журналисттерин өлтүрүүгө көмөктөшкөн, чек-арадан мыйзамсыз өткөн деген жүйөөлөр менен Орусияда абакта кармалууда. Кезектеги сот отуруму 9-мартта өтөт. Айыпталуучу 3 күндөн бери ачкачылык кылууда. Анын бошотулушун талап кылган Киевдеги акцияда элчиликтин имаратынын терезелери, видеокамералар талкаланды. Окуяга байланыштуу орус дипломаты Украинанын Тышкы иштер министрлигине нааразычылык нотасын жөнөттү.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз