ММК

Отто Бисмарк: шайлоо учурунда көп калп айтылат image Фото: www

15 Сент, 2017 526

Басма сөзгө баяндама

Коомдук саясий эркин гезиттер жарнамалык материалдарды алгачкы бетине жайгаштырууну бүгүн да улантты. Мисалы, бүгүн жарык көрчү "Де-Факто" "Кыргыз көчү жолун улайт Сооронбай Жээнбеков" жана "Алдыга жол" программасын тааныштырып жаткан Өмүрбек Бабанов деген үгүт материалдары менен баштады. Алгачкы бетине "Өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге өкмөт башчы Сапар Исаковго, ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбековго, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаевага, Башкы прокурор Индира Жолдубаевага "Де-Факто" гезитинин журналисттеринин кайрылуусу басылды. Бул кайрылууда гезиттин кызматкерлери кесиптеши Зулпукаар Сапановдун “Кыдыр санжырасы” китебиндеги айрым жерлериндеги “мусулманчылыкка” шек келтирген деген күнөө менен 4 жылга күчөтүлгөн тартипке кесилгенин айтышып, ансыз деле бул китеп сатыкка чыгарууга тыюу салынганын, адашкандын айыбы жок деп үй-бүлөлүк шартын, карыган ата-энесин эске алып, эркиндикке чыгарып берүүнү суранышкан.

"Кесиптештен калыс кеп" деген гезит ушул эле жерге “Жаңы Ордо” гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаевдин "Китеп жазам деп кишенделди" дегенин койду. Андан ары өлкөнүн Коопсуздук кеңешининин кезектеги жыйынынан даярдалган материал басылды. Ал президент Атамбаевдин "Шайлоолор таза өтүшү керек" деп айткан сөзү менен аталды. Кыска жазылган макалалар, "Карамушкина, кайсы өлкөдө жашап жатат, ыя"? "Аманкулов аман эле бол", "Бакыт Төрөбаевдин максаты кандай"?, "Камчыке чай берүү менен убарабы"? "Жамшитбек аке, эшикке чыгыңыз", "Кыянбек унчукпайт го" деген аталышта жарык көрдү. "Андан ары кыргыз журналистикасында орду бар инсан" деген "Де-Факто" Манасты изилдеп жүргөн Жолдошбек Токоев менен маектешкен. “Алмазбек Атамбаевдин чечкиндүүлүгү, коррупция менен күрөшкөн жагы жакшы болду" деп аталган бул маекте саясаттан баштап азыркы журналистика боюнча ой бөлүшкөн. Шайлоо темасына да кайрылган Токоев, президенттикке талапкерлердин ири байлары куру убаданы берип башташты. Чынында алар бир кезде мамлекетти тоногондор. Отто Бисмарктын “эң көп калп айтуу согуш учурунда, аңчылыктан кийин анан шайлоо учурунда айтылат деп айтканы бар. Шайлоонун үгүтүндө президенттикке талапкерлер катуу калп айтып жатышат. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз