ММК

Дүйнөлүк державалар Африканын кен байлыгын толук басып алууну көздөөдө image Фото: www

18 Сент, 2017 476

Швециялык Expressen басылмасы өткөн кылымда шведдер эмне үчүн АКШга көчкөнүн жана жаңы Ата-Мекенинде кандай ийгиликтерге жетишкенин жазган. Норвегиялык Steigan blogger интернет булагынын журналисти Пол Стейгандын көз карашында жакынкы келечекте дүйнөлүк державалар менен эл аралык компаниялардын мүдөөсү Африканын кен байлыгын толук басып алуу. 

Швециянын Expressen гезитинин журналисти Андерс Сандквист “19-кылымда АКШда швед мигранттарын адам катары көрчү эмес “аттуу макаласы жазып чыкты. Анын айтымында XIX кылымдын ортосунан баштап 1920-жылга чейин  АКШга Швециядан бир миллиондон ашык адам көчүп  келген . 1910 –жылы АКШда теги швед 1,5 миллион жаран жашачу. Ошол эле учурда  Швециянын калкынын саны 5,5 миллион  адамга жеткен. 

Шведдер өз Ата-Журтун жакырчылыктын айынан таштап кетүүгө аргасыз болгон. Адегенде, АКШга шведдер көчүп келгенде, аларды теги британиялык жана немис мигранттар теңине алчу эмес. Себеби, шведдер англис тилин абдан начар билчү. Анын үстүнө швециялык келгиндер аябар жарды болчу. Ошон үчүн швед мигранттары күнү-түнү жанталашып иштечү – дейт швециялык кесиптеш. Кененирээк аудиодон укса болот.

Дүйнөлүк маалымат каражаттар уктуруусун даярдаган  Алмаз Батилов. Тааныштырган Чыңгыз Рыскелдиев болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз