Маданият

Султан Ибраимов быйыл 90 жашка чыкмак image Фото: www

20 Сент, 2017 4531

Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак. Ал 1927-жылы 20-сентябрда Чүй районунун Алчалуу айылында туулган. 

Айылда колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Кызматтык зоболосу өйдөлөп, республиканын cуу чарба министри, партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. 

Ишмер инсан Султан Ибраимов кезегинде СССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу орден жана медалдар менен сыйланган. 1980-жылдын декабрь айындагы каргашалуу окуянын айынан 53 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз