Абанын температурасы кескин төмөндөшү күтүлүүдө image Фото: www

22 Сент, 2017 2423

Аба-ырай кескин өзгөрөт. Узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 23-сентябрда күндүзү жана 24-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Буга байланыштуу өзгөчо кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратат.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, сентябрь айы салкын болот. Өзгөчө тоолуу аймактарда күз айынын кирип келиши менен аба-ырайы кескин суукташы күтүлүүдө. Күз мезгилиндеги аба-ырайынын кескин салкындашы сасык тумоо илдетинин күч алышына алып келет. Андыктан дарыгерлер илдетке кабылбашы үчүн алдына ала ден-соолукка кам көрүүгө чакырат.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз