Спорт

Чүй: жеңил атлетчилер арасында жарым марафон өттү image Фото: http://sport.kg

25 Сент, 2017 213

Чүй облусунда жеңил атлетчилер арасында жарым марафон өттү. Аны спорт агенттиги жана Кыргызстан эл аралык марафон федерациясы уюштурган. Жүздөн ашык спортчулар тоо шартында 21 километр аралыкты велосипедчен жана жөө чуркап өтүштү. 

Иш-чарага Кыргызстандан сырткары АКШ, Колумбия, Польша, Казакстан өңдүү өлкөлөрдүн спорт сүйүүчүлөрү келген. Спорттун бул экстремалдык-татаал түрүнө кызыккандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө деп белгилейт уюштуруучулар. 

Мелдеш төрт категорияга бөлүнүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды. Иш-чара жарандарды сергек жашоого үгүтөө максатын көздөйт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз