ММК

"Азия Ньюс": “Президенттик шайлоонун 2-туру болгону калды” image Фото: www

28 Сент, 2017 511

Басма сөзгө баяндама

Алгачкы беттерине президенттикке талапкерлерди реклама кылып бүгүн "Азия Ньюс" жаңы санын чыгарды. Андан аркы беттеринде БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун “Кыйын сыноодо Сооронбай досума арка-бел болууну көздөдүм”- деген аталыштагы маеги орун алган. Шайлоо темасындагы дагы бир маек мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаевден “Президенттик шайлоонун 2-туру болгону калды” деген аталышта алынган. Майдадан жазылган макалалар, 2-турда Бабанов менен Жээнбековдун “салгылашы” уланчудай, Темир Сариев бийлик талапкерин колдоп чыгабы? Ахматбек Келдибековдун саясий абалы оор болуп турат, Бакыт Төрөбаев алабарман жүрүшүн тыйып, тизгинин тартса, позициясын чак түштө өзгөрткөн Гаипкулов деп аталды. 

Бул санга Бишкек шаарынын прокурору Абдибакыт Халмурзаев “Мыйзам бузуу менен пикет митинг өткөргөндөр тийиштүү жазаларын алышат” деген аталышта маек берди.  "Манкуртизм" деген "Азия Ньюс" философия илимдеринин кандидаты Гүлзат Аалиеванын “Мекенден Мекке менен Медина, мектептен мечит менен медресе маанилүү болгон доордогу жаштар көйгөйү жүрөгүмдү оорутат" деп айткандарына орун берди. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз