Шайлоо

Биринчи радиодо өткөн КР президенттигине талапкерлердин дебаты. 1-тур (аудио, видео) image

29 Сент, 2017 409

Кыргыз Республикасынын президенттине талапкерлердин Биринчи радио уюштурулган Дебаттарынын 1-туру жыйынтыкталды. Ал эми, 2-тур 3-октябрдан башталат. Дебаттарга көпчүлүк талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү келип катышып, айрымдары катышуудан баш тартышты.

19-сентябрда Биринчи радионун түз обосунда КР президенттигине талапкер Адахан Мадумаров менен чогуу чыга турган эфирден Эрнис Зарлыков баш тартып, бир эле талапкердин катышуусунда болду. Аудио варианты:




20-сентябрь. Дебаттарга президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун ишенимдүү өкүлү Өмүрбек Субаналиев жана Темир Сариевдин атынан келген өкүлү Мелис Мураталиев катышты.



21-сентябрь күнкү дебатка чыга тургандар КР президенттигине талапкерлер Сооронбай Жээнбеков менен Камчыбек Ташиев чыгышмак. Бирок бул сапар дагы 2-тарап баш тартып, Биринчи радионун түз обосунда  Жээнбековдун ишенимдүү өкүлү Дамира Ниязалиева катышты. Аудио варианты



22-сентябрдагы дебатта Бакыт Төрөбаев эфирден баш тарткандыктан,  "Биринчи радионун" түз обосунда КР президенттигине талапкер Таалатбек Масадыков жалгыз өзү чыкты. Дебаттын аудио варианты:



Биринчи радионун түз обосунда 26-сентябрда өткөн дебаттарга КР президенттигине талапкерлер Токтайым Yмөталиева, Улукбек Кочкоров жана Арслан Малиевдер болушту. Дебаттын аудио варианты




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз