Аскерде кызмат өтөөдөн качкандардын саны арбын image Фото: http://gdb.rferl.org

9 Март, 2016 1643

 Республика боюнча учурда 10 миңге жакын улан аскерде кызмат өтөөдөн  качып жүрөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин аскердик жана альтернативалык кызмат өтөөгө чакыруу башкармалыгынын начальниги, полковник Арстан Керималиев “Биринчи радиого” билдирди. Аскердик милдетин өтөөдөн качып жүргөндөрдүн көпчүлүгү өлкөбүздүн түштүк аймагынын жашоочулары. Республикада жалпысынан 9-10 миңдин тегерегинде милдеттүү аскердик кызматын өтөбөй качып жүргөн 18-25 жаштагы улан бар. Алар жазгы жана күзгү чакыруу башталган учурда Казакстанга же Россияга чыгып кетишет. Аларды жоопко тартууга тиешелүү мыйзам болбогондуктан күч органдары эч кандай чара көрө албай келет. Бирок быйыл күзгү чакырык маалында өз милдетин өтөөдөн качкандарды жоопко тартуу боюнча мыйзам күчүнө кирет.

Ошондой эле, жыл сайын жарандардын аскерге баруу ынтызары күчөп жатат. Мисалы, былтыркы жылы жогорку билимдүү 500дөн ашык жаран өз каалоосу менен аскерге жөнөгөн. Булар 11 ай аскер өтөгөндөн кийин 1 ай атайын окуусун окуп, лейтенант деген наам алып чыгат деп кошумчалады Арстан Керималиев. Быйылжазгы аскердик чакырууга 3 миң жаран чакырылары күтүлүп жатат. Андан сырткары альтернативалык чакыруу болот жана аскерден бошотулган да жарандардын тобу бар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз