Бирин-бири атып алган окуучулар боюнча тергөө иштери жүрүүдө image Фото: http://cdn.minval.az

9 Март, 2016 320

Оштун Кара Кулжа районунда бирин-бири атып алган окуучулар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма-сөз катчысы Жеңиш Асылбаев “Биринчи радиого” билдирди. 

Маалыматка ылайык, кечээ 8-мартта Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылында 1-класстын окуучусу мылтык менен ойноп жатып өзүнөн 2 жаш улуу окуучу кызды бутка атып, жарадар кылган. Ок тийген кыз дароо Ош облустук балдар ооруканасына жөнөтүлгөн болчу. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми мылтык үйдө балдардын бою жеткен жерде сакталып турган. Аны менен балдар ойноп жатып, байкоосуздан ок чыгарган.

Ош облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери Абдисалим Анарбаевдин маалыматы боюнча, октон жарадар болгон кыздын жашап кетишине үмүт бар. Алгач алып келгенде биринчи жардамдар берилген. Ок жакын аралыктан тийгендиктен бутунун сөөктөрү талкаланып кеткен. Кыздын абалы дагы жакшырганда гана операция жасалат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз