ММК

"Фабула": Сариев Исаевди торго чалып бердиби? image Фото: www

3 Окт, 2017 711

Басма сөзгө баяндама

"Фабула" бүгүн шайлоо темасынан арбын жазды. Алдыңкы беттери жарнамалык макалаларга жыш толгон. Сооронбай Жээнбековдун маданий мураска салымы туурасында макала ал жетектеген өкмөт кыска аралыкта кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде тааныта алганы менен эсте калды деп, анын маданиятты терең сыйлаган, нарк-насилдүү үй бүлөдө өскөнүн, атасы Шариптин үйүнөн өнөр адамдарынын, акын жазуучуларынын аягы үзүлбөгөнүн баяндап келип, ааламды таңдандырган 2-дүйнөлүк көчмөн оюну, Түркияда Манастын эстелиги ачылган учурду, анын өкмөт башчы болуп иштеп турган кезинде спектаклдерди коюуга 14 млн сом бөлүп берип, театрлардын иштешине жан киргизгенин, убагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен мамилелеш экенин да ушул макалада жазды. 

Кийинки бет "Жеңишке жетишээрин билген адамга, мыйзам бузуунун зарылчылыгы барбы"?- деген атты коюп кенен сөздү дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановго берди. Кыска маалыматтар, Канат Исаев камакка алынды, Абдил мырза азамат экен, Камчыбек Ташиевдин кетпес кеги, Сариев Исаевди торго чалып бердиби? “Өлө албай жатып, өлөң айтат”, Төрөбаев бийликтин агенттиби? Абалды курчутам дегендерге катуу чара көрүлөт, журналист Сапанов сот залынан бошотулду, мамлекетке миллиондогон карызы бар ишканалар, мэрдин мээси катууда деген аталышта тизилди. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз