Дүйнө жаңылыктары

Каталония жарандарынын 90 пайызы референдумду колдошту image Фото: www

4 Окт, 2017 1555

Испаниянын Каталония автономия облусунун бийлиги 1-октябрда өткөн референдумга катышкандардын 90 пайыздан ашыгы   эгемендүүлүктү колдоду деп жарыялады. Ал эми испан өкмөтү бул референдумду өткөзгөнгө уруксат берген эмес жана мыйзамсыз деп атаган. Ушул себептен улам жекшемби күнү каталон шайлоочулары жана полиция менен жарандык гвардиянын ортосунда кагылышуулар болду. 

Эске сала кетсек, Каталониянын территориясы 32 миң 114 квадрат километрди түзөт. Каталониянын борбору Барселона. Каталониянын курамына Барселона, Жирона, Льейда жана Таррагона аймактары кирет. Калкынын саны 7 522 596га жетет. Каталондуктар христиан дининин ичинде католик агымын карманат. Бул автоном чөлкөмдө каталон, испан жана оксит тилдери расмий макамга ээ. Каталон элинин белгилүү өкүлдөрү үч ирет Коста-Риканын президенти болуп шайланган Хосе Фигерес Феррер, архитектор Антони Гауди, дүйнөлүк олимпиада комитетинин мурдагы жетекчиси Хуан Антонио Самаранч, опера ырчысы Монсеррат Кабалье жана сүрөтчү Сальвадор Дали болуп саналышат. Кененирээк аудиодон укса болот.

Дүйнө жана Кыргызстан уктуруусун даярдаган Алмаз Батилов. Тааныштырган Бакыт Тапаев болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз