Шайлоо

“Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай калышына Бабанов күнөөлүүбү? image Фото: www

9 Окт, 2017 2156

Кыргызстанда 2012-жылы башталган “Коопсуз шаар” долбоору тендердин туура эмес жүргөндүгүнө байланыштуу бир канча жылдан бери ишке ашпай келген. Бул тууралуу президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков КТРКда өткөн теледебат учурунда билдирди. Ал кезде өкмөттү Өмүрбек Бабанов башкарып турса, ИИМдин башында Зарылбек Рысалиев турган.

2013-жылы Юстиция министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн түзүлгөн макулдашууга терс баа берген. Ошол кездеги өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн Кытай компаниясы менен алдын ала сүйлөшүүгө барганы аныкталган. Жыйынтыгында "Коопсуз шаар" долбоорунун баасы жасалма түрдө 85 миллион долларга чейин көтөрүлгөндүгү аныкталып, долбоор ишке ашпай калган. Муну Юстиция министрлиги өлкөгө моралдык жана материалдык чыгып алып келүү деп баалаган.

Бул маселеге мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде кайрылып, Бабановдун ошол кездеги кадамдарын сынга алды.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз