Интернет жана технологиялар

Санариптик берүүнүн сапатынын начарлашы антеннадан жана ресиверден көз каранды image Фото: www

19 Окт, 2017 4526

Санариптик телеканалдардын сапатынын начарлашы антеннанын  туура эмес орнотулушунан  же ресиверден көз каранды болот. Маалыматка ылайык азыр калктын 97 пайызы санариптик теле берүү менен камсыздалган. Учурда социалдык баштыкчада 15, коммерциялыкта болсо 18 теле канал көрсөтүүдө. Эске салсак аналогдук теле берүү 15-майда өчүрүлгөн. Жаңы ыкмага өтүү иштери кандай уланууда?  

Маалыматтык коопсуздуктун алдын алуу, сапаттуу телекөрсөтүүнү  жаратуу багытындагы аракеттер Кыргызстандын аймагында мындан бир канча жыл мурда башталып,  аягына чыгып калды.  Санариптик телекөрсөтүү тууралуу элге маалымат жеткиликтүү  берилип, азыр 97 пайызы жаңы ыкмага өткөн. Учурда элдин басымдуу бөлүгү санариптик телерадиоберүү сигналдарын кабыл алып калды. Анын сапаты тууралуу буларды белгилешет:

Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин  жетекчиси Усан Жанузаковдун айтымында аба-ырайынын өзгөрүшү санариптин сапатына таасирин анча деле тийгизбейт. Андыктан атайын жабдыктарды сатып алууда анын  сапатына өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Санарип боюнча техникалык майда  маселелер менен кайрылгандар басымдуулук кылат. Маселен Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдө антенаны ачык жерге алып чугуу зарылчылыгы бар-деп кошумчалады Усан Жанузаков. Андыктан  шамал, жаан-чачын, кар көп болгондуктан, чатырга чыгып, антеннаны телемунара каякта турса, антеннаны ошого багыттап коюш керек.

Мындан тышкары  жарандар "1212" деген  ыкчам номуру аркылуу чалып, көйгөйлөрдү түшүндүрсө болот.  Бул кызмат бекер күнүнө эртең мененки саат сегизден кечки тогузга чейин иштейт. Техникалык эксплуатация бөлүмүнүн башчысы Улукбек Касманбетовдун билдирүүсү боюнча ыкчам номерге кайрылгандардын саны баштагыга салыштырмалуу кыйла азайган.

 Мээрим Абдраманова, Биринчи радио


                


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз