Коом

Бирөөгө кор, бирөөгө зар... image Фото: internet

9 Март, 2016 2835

Борбор калаада бүгүн баштыкка салынган ымыркайдын өлүгү табылды. Бул тууралуу Бишкек  шаардык  ИИБ кабарлады. "Тазалык" ишканасынын жумушчулары ымыркайдын жансыз денесин Түштүк магистрал көчөсүнөн таап алган.  Буга  чейин   Оштун Кара-Кулжа районунда да жаңы төрөлгөн баласын ээн калган имаратка таштап кеткен аял кармалгандыгы   айтылган. Акыркы кезде  мындай    маалыматтар байма-бай чыгып,  коомчулуктун үрөйүн учурууда.   

"Тазалык" ишканасынын жумушчулары ымыркайдын жансыз денесин Түштүк магистраль, Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен таап алып, дароо милиция чакырган. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаевдин айтымында, ымыркайдын сөөгү баштыкка салынган жана бала ара төрөлгөн болушу мүмкүн. Учурда бул иш боюнча ыкчам топ иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле, Оштун Кара-Кулжа районунда жаңы төрөлгөн баласын ээн калган имаратка таштап кеткен аял кармалды. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун билдирүүсүндө, райондук милиция 10-мартта эртең менен Ноокат районунан "күкүк энени" кармашкан. Буга чейин 6-мартта 28 жаштагы аял Кара-Кулжа районунун борборундагы кароосуз калган имараттардын бирине төрөлгөнүнө 2 жума болгон ымыркайды таштап кеткен.Учурда аял жасаган кылмышын моюнуна алып, "күйөөсүз төрөгөндүктөн ата-энесинен уялып" ушул ишке барганын билдирди. Ал эми учурда ымыркайдын абалы жакшы жана жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Баласын таштаган окуя Токтогул  шаарында да болгон. 27-январда куткаруучулар көп  кабаттуу үйлөрдүн дааратканасына ташталган жаңыдан гана жарык дүйнөгө келген ымыркайды куткарып калууга үлгүргөн. Баланын энеси 23 жаштагы Сары-Согот айылынын тургуну экендиги милиция тарабынан аныкталган. 

Ошондой эле 13-январда борбор калаадагы Жаш Гвардия гүлбагындагы  отургучтардын  биринде, төшөкко оролуп  ташталган.  7 күндүк  наристе табылганы коомчулукта чоң талкууну жараткан. Педогогика илимдеринин доктору Валентина Иванованын белгилөөсүндө, балдарын таштап кеткен “күкүк энелердин” көбүнчөсү 18жаштан 30 жашка чейинкилер. Улуттук менталитеттин улам, алар тууган-урук, тааныш-билиштердин ушак-айыңынан коркуп, ачыкка чыга албайт.

Аял баласын жалгыз бага албайт. Же ал баланы дароо ташташ  керек, же аны менен өмүр боюу кыйналып жашаш керек. Башкача айтканда, ар  кандай психологиялык  өзгөчөлүктөр социалдык жагдайга барып  такалат. Иликтөөлөр же тажрыйба көрсөткөндөй,мындай көрүнүштөргө коомчулуктун  айың-кептери  же  анын   социалдык жагдайы себеп болот. Психологияда  жаштардын үй-бүлө кура турган жаш-курагы дал  ушул 25-26 жаш болуп саналат. Өзүнөр баамдагандай ташталган балдардын  энелеринни курагы дал ушул18-25 жашты түзүп атат, бул деген  психологиялык жана социалдык жетишсиздик деп  аталат.

«Балдардын укугун коргоочулар” лигасынын жетекчиси Назгүл  Турдубекованын пикиринде, жалгыз бой жүрүп кош бойлуу болгон энелерди аныктап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү социалдык жардамдарды түзүп берүүсү керек. Эне жалгыз болсо баланы тарбиялап, чоңойтууда көп кыйынчылыктарга кабылгандыктан ошондой жолго барат.

Деген менен адистер,илгерки оор заманда деле баатыр энелердин саны арбын келип, таштанды балдардын саны аз болгон дейт. Баласын же ата-энесин таштап кеткендер эл бетин карай албай, коомчулук алдында чоң уятка калган. Мындан улам коомчулуктун аң-сезиминде "абийир" түшүнүгү орноп калган. Бирок учур жаштарында андай нерсе жок. Анын себебинен үй-бүлө талкаланып, балдарын таштоо, сатуу жана түгөйлөр ортосунда ажырашуу көп болууда. Бул көйгөйгө мамлекет коомчулук менен бирге күрөшүүсү зарыл дейт талдоочулар.

Сүймөнкул Идирисов БИРИНЧИ РАДИО

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз