Коом

Кыргыз уламыштарын жазып, жергиликтүү элге жан тарткан генерал-майор Ярослав Корольков image Фото: silkadv.com

10 Нояб, 2017 470

Россия империясынын көрүнүктүү окумуштуусу, генерал-майор  Ярослав Иванович Корольков  жөнүндө баарыбыз  биле бербейбиз. Ярослав Иванович орус интеллегенттеринин ичинен биринчи  болуп, 1916-жылы кыргыз эли улуттук-боштондук  көтөрүлүштүн  келип чыгуусуна, падышанын  колониялык  саясатын  айыптап чыккан. 

Мындан сырткары Корольков өлкөбүздүн табияты жөнүндө бир  катар илимий  эмгектерди жазган окумуштуу.  Ал   Кыргызстанда алгачкылардан болуп,1881-жылы  Каракол шаарында  метеостанцияны негиздеген.

Корольков 1843-жылы азыркы Украинанын Каменец-Подольск шаарында туулуп, балдар үйүндө өсөт. Андан кийин  белгилүү Михайлов атындагы артиллериялык орто окуу жайына тапшырат.

Бул окуу  жайды бүтөргөн соң  тоолуу батареянын командири болуп дайындалат. Корольков 1881-жылдан баштап  Теңир-Тоону географиялык жактан изилдөөгө активдүү катышкан. Ал 1881-жылы 1-февралда Ысык-Көл кылаасында азыркы Ак-Суу айылынын жанында биринчи  метеостанцияны негиздейт. Анда 50 жыл бою байкоо жүргүзгөн.

Ошондон бери  Ысык-Көл  аймагында аба ырайына байкоо жүргүзүүү башталган. Анан да  Корольков биринчилерден болуп мөңгүлөрдү изилдөө үчүн бир катар экспедиция уюштурган жана  сейрек кездешчү  өсүмдөктөрдүн үрөөнүн чогулткан.

1899-жылы Корольков Күнгөйдөгү Чоң-Ак-Суу мөңгүлөрүн изилдеген. Мындан сырткары Ярослав Иванович Кыргызстандын табияты жана бал челек  кармоо  туралуу бир катар илимий эмгектерди жазган. Корольков 1907-жылы башталган бир жылдык саякатында Борбордук жана Батыш   Теңир-Тоону аралап өткөн. Корольков орус жана чет элдик окумуштуулардын Теңир-Тоого жасаган экспедицияларына көмөк көрсөткөн.

Ошондой эле ал белгилүү орус окумуштуулары Пётр  Семёнов-Тянь-Шанский. Николай Пржевальский жана Всеволод  Роборовский менен тыгыз илимий карым катышта болчу. Ошон үчүн 1889-жылы  Ярослав Ивановичти Орус географиялык  коому анык мүчөлүгүнө шайлайт. Анын илимий эмгектери азыркы күндө актуалдугун жоготкон  жок.

Белгилей кетчү жагдай Корольков  экспедиция учурунда кыргыз  уламыштарын жазган жана  Ысык-Көл  боюнан табылган байыркы археологиялык табылгаларды чогулткан. Ярослав Иванович Кыргызстандагы башка көпчүлүк падышанын   чиновниктерден айырмаланып кыргыз элине текебер мамиле жасабастан, тескерисинче тил табышканга умтулчу. Дал ушул себептен улам  ал дайыма кыргыз айылдарына барып, жергиликтүү калкка  сугат системасын куруу жана бал челек кармоо, жер жемиштерди өстүрүү боюнча лекцияларды окуган.

Андан тышкары анын демилгеси менен Каракол шаарында үйлөмө  аспаптар боюнча жана драмалык ийримди уюштурган. Ошол эле учурда Ярослав Иванович жубайы Варвара Алеексеевна менен шаардыктар үчүн концерт берчү. Ошондуктан 1916-жылы падышага каршы көтөргөн улуттук-боштондук көтөрүлүштүн учурунда кыргыз элине карата жасаган  орус жазалоочу отрядын мыкачылыгы  анын жүрөгүнө бычак сайгандай болгон. 

Корольков көтөрүлүштүн  себептерин иликтөөчү комиссиянын сурагында нааразылыгын билдирген. Ярослав Иванович көрсөтмөсүндө: Мен буга чейин Жети –Суу аймагында  атчан  130 миң чакырым саякат кылгам. Бардык жерде мени жергиликтүү калк дайыма жакшы кабыл алчу. Алар такай мени   ардактуу конок катары сыйлап жана акыркы тамагы менен бөлүшкөнгө даяр болчу. Мен эч качан булардын арасында жүргөндө курал көтөрчү эмесмин. Буга далил кылычымды менин жанымда жүргөн жигит тагынып жүрчү.

Уктуруусун даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Бакыт Тапаев,  Биринчи Радио


.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз