Коом

“Бейиш” деген мекеменин дарыгерлери өкмөттүн имаратын талашууда image Фото: www

23 Нояб, 2017 1242

“Бейиш” деген ат менен калкка белгилүү болгон мекеменин дарыгерлери өкмөттүн имаратты бошотуп берүү талабына нааразы. Алар Мамлекеттик мүлк фондунун башка имаратка көчүү сунушунан, батпайбыз жана шарты жок деген жүйөө менен баш тартууда. Президенттин иш башкармалыгынын балансында турган имаратка Мамлекеттик кадыр кызматын жайгаштыруу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. 

Мүлк фонду мамлекеттик кызматтарды жайгаштырууда тартыштык бар экенин, имарат, жеке чөнтөккө эмес, мамлекеттин кызыкчылыгына пайдаланылышы керек дешүүдө. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз