Экономика

Кыргызстанда кир жуучу машина чогултуучу завод ачылат image Фото: www

27 Нояб, 2017 6692

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Artel компаниясы  кир жууган машина чогултуучу завод ачуу алдында турат. Завод 2018-жылдын март айында Ош жергесинде ишке кирет. Бул боюнча келишимге Ташкент шаарында 6-октябрда өткөн кыргыз-өзбек форумунда кол коюлган. 

Белгилей кетсек экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон иш-сапарынын алкагында жалпысынан 15 миллион долларга бааланган 10 келишимге кол коюлган. Алардын арасында айыл чарба техникасы, жеңил унаа менен автобустарды чогултуу ишканалары бар. Ушул тапта  өнүрүштү ишке киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп билдирди  “Биринчи радиого” Инвестицияны илгерилетүү жана экспортту колдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Адылбек уулу Шумкарбек. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз