Коом

Жети күндө мас абалда унаа айдаган 243 айдоочу аныкталды image Фото: www

28 Нояб, 2017 1571

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, “рулдамын” аталышындагы рейд 20-ноябрда башталып, кечээ аяктады. Бир аптага созулган рейдде жол эрежелерин бузган 18 миңге жакын учур катталса, анын 243ү мас абалындагы айдоочулар болгон. 

Министрликтин билдирүүсү боюнча, негизинен жол эрежесин бузгандардын көпчүлүгү көрсөтүлгөн ылдамдыкты сактабагандар. Анан да айдоочулук күбөлүгү жоктор дагы бар. Жол эрежесин бузуп, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кылтагына илингендердин 642си айып пул төлөөчү жайга токтотулду. Жалпысынан ушул 7 күндүн ичинде эреже бузгандар 10 миллион сомдон ашык айып пул төлөштү. Бул рейд өлкөнүн бардык аймактарында жүрдү. Анда жол эрежелерин бузган айдоочулар Чүй облусу менен Бишкек шаарында көп катталган.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз