Экономика

Көмүрдү кымбат саткандарга айып пул салынат image Фото: www

1 Дек, 2017 1468

Өкмөт тарабынан ноябрь айында кымбаттаган көмүр баасы 20 пайызга арзандатылды. Мындан ары чекене сатуучуларга көмүрдүн баасын негизсиз көтөргөндүгү үчүн административдик чара көрүлөт. 

Тактап айтканда, бекитилген норманы сактабаган ишкерлерге 10 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул салынат. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өкмөттүн токтомунун негизинде көмүрдүн бааларын өлкө аймагы боюнча белгилеп чыккан. 


Ага ылайык, учурда 1 тонна көмүр Бишкекте 3800-4000 сом, Чүйдө 3900-5000 сом, Ысык-Көлдө 3500-6500 сом, Таласта 4700-6700 сом, Нарында 2000-4250 сом, Жалал-Абадда 4430-6080 сом, Баткенде 3570-7000 сом, Ош облусунда 1500-6000 сом, Ош шаарында 4400 сомдон 5200 сомго чейин сатылууда. Бааны көзөмөлдөө максатында аймактарда жумушчу топ түзүлмөкчү.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз