Кылмыш

Баңгизат алып жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды image Фото: www

14 Дек, 2017 13394

Сокулук районундагы базарда 1 кг баңгизат алып жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 30 жаштагы тургундун жанынан табылган зат гашиш баңгизаты болуп чыккан. Ошондой эле милиция кызматкерлери Талас облусунун Бакай-Ата районунда 27 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүн текшерген учурунда, үйүнөн 300 граммга жакын марихуана баңгизатын таап чыгышкан. 

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз