Аналитика

Оппозициянын көтөргөн маселелери канчалык жүйөлүү? image

14 Март, 2016 32768

Оппозиция жер-жерлерде митингдерди уюштуруп, бийликке бир катар талаптарды коюшту. Жаз келгенде элдик толкундоолордун болор-болбосуна саресеп салуу салтка айланган. Андай көрүнүш быйыл да четте калган жок. Саясий абалга байкоо салып, кулак түргөндөр арбын. Өзүн оппозициянын катарындамын деп эсептегендер бир катар талаптары менен  түрдүү акцияларды өткөрүшүүдө. 

Жер-жерлерде нааразычылык акцияларды өткөрүп жаткан активисттердин катарында Адил Турдукулов да бар. Ал өкмөт бир катар социалдык маселелерди чечиши керек экенин айтат. Өлкөнүн дубандарында ар кайсы саясий топтор, ар кандай деңгээлдеги митингдерди уюштуруп жатышса, 24-мартта оппозициянын курултайы өткөнү турат. Аны уюштуруп жаткан “Эл үнү” кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров чакырылган бардык оппозиция өкүлдөрүнөн оң жооп болгонун айтат. Курултайды Ош шаарында өткөрүү пландалган.

Кеңири масштабда болбосо да митингдердин азыр жанданып жатканы бекеринен эмес. 27-мартта өлкөнүн бир катар аймактарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Оппозициянын курултайы да аны утурлап уюштурулганы турат. Айрым талдоочулардын баамында мындай кадам добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берүү үчүн жасалууда. Көтөрүлгөн социалдык көйгөйлөрдүн артында чукул арада саясий упай топтоо максаты турат. Анын  үстүнө курултайдын Ош шаарына белгиленгени да бекеринен эмес. Өлкөнүн экинчи ордосунда өтө турган шайлоо көпчүлүктүн көңүлүн өзгөчө бурууда. Уюштуруучулар митинг, курултайлар эч кандай мыйзам бузуусуз, тынч өтөт деп ишендиришкени менен алардын кадамдарынан күмөн санагандар да жок эмес. Президент Алмазбек Атамбаев оппозиция менен бийлик бирге иштешсе оң натыйжа болоорун, бирок учурда андай абал жок экенин белгилейт.

Саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков алдыдагы шайлообу, ири митиндерби, кандай саясий окуялар, жүрүштөр болбосун, быйылкы жаз баш-аламандыксыз, тынч өтөт деген ишенимде. Ал оппозиция максатын кандай жол менен ишке ашыргысы келсе да элди ээрчитип кете албасын белгилейт.

Ал эми саясат талдоочу Марат Казакпаев оппозициянын койгон айрым талаптарын туура деп эсептейт. Бирок, алар элдин ишенимине кириши оор деген пикирде. Калк социалдык маселелерге түйшөлгөн күндө да туу тутуп, ээрчий турган саясатчыны көрбөй турат.

Оппозициянын бирдиктүү боло албай жатканы тууралуу да пикирлер бар. Бул алардын алдыга койгон максаттарына, лидерлик талаш, дымактарына байланыштуу айтылат. Көпчүлүктүн баамында бийликке каршы саясатчы, активисттердин койгон талаптары негизинен окшош, бирок, аларды бир үн менен жеткире албай жатышат.

Калыгул Асамбаев БИРИНЧИ РАДИО

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз