World news

Путин: Россия ДАИШ менен күрөшүүсүн улантат image Фото: www

15 Дек, 2017 12616

Кечээ күнү 13 -жолу Россия Федерациясынын президенти Путин жергиликтүү жана  чет өлкөлүк журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Бир нече саат бою ар түрдүү суроолорго жооп  берип, жыл ичинде болгон жетишкендик, кемчиликтерге токтолду. Эске сала кетсек 2008-жылы Россиянын президенти Путин өткөргөн маалымат жыйын 4 саат 40 мүнөткө созулган. Бул эң узакка созулган маалымат жыйыны болуп саналат. Анын ичинде Россиянын президенти 100дөн ашык суроого жооп берген. Орус кесиптештердин маалыматына таянсак, буга чейин Путин ушундай багыттагы маалымат жыйынды 12 жолу уюштурган. 

Быйыл Россиянын лидери өткөргөн иш –чарага 1600 орус жана чет өлкөлүк журналисттер катышкан. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында эң активдүү чет мамлекеттик журналисттердин ичинен япон, немис, америкалык жана   кытайлык кесиптештер. Россиянын "Коммерсант" гезитинин журналисти Андрей Колесников эмдиги жылкы президенттик  шайлоого  кайсы партиядан аттанат деген суроого   Владимир Путин алдыдагы шайлоодо талапкерлигин эч бир партиянын атынан чыкпай,өзүн-өзү көрсөтөрүн айтты. Кененирээк ютубтан укса болот.

Алмаз Батилов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз