Саясат

Аргентина Конституциясын кабыл алгандан бери 180 жолу өзгөрткөн image Фото: http://miroland.com/

14 Март, 2016 1937

Конституцияга туура, анык  өзгөртүүлөрдү  киргизүү керек.  Бирок ал өлкөнүн өнүгүүсүнө залакасы тийип калбагандай болушу зарыл экенин Президент Алмазбек Атамбаев 12-марттагы Бишкекте өткөн  ишембиликте  билдирди.  Бул маселеде кыргыз Президенти менен жолугушууда буга чейин  Орусия эксперти Аркадий Дубнов  маек курган.  Мындан кийин  “Кыргызстандын лидеринин айткандары  ишке аша турган болсо, анда бул өлкөнүн өнүгүүсүндө шек жок  экендигин Россия  эксперттери айтып чыгышты.  

Конституцияга экинчи мөөнөткө барууга же президенттик мөөнөттү узартууга мүмкүндүк берүүчү  эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбейт. Башка маселе, премьер-министрдин ыйгарым уккутарын кайра бөлуштүрүу  үчүн кандайдыр бир озгөртүүлөрдү киргизүү керек. Бул тууралуу мамлекет  башчы Алмазбек Атамбаев   Россиялык эксперт Аркадий   Дубнов  менен маегинде  белгилеген. Мындан улам , эгер  бул айткандар  ишке ашса  Кыргызстан өнүгүп кетеринен шек жок деп орус  эксперти  Аркадий  Дубнов  маалымат каражаттарына  билдирген.  Ал арада президент Баш мыйзамга анык   өзгөртүүлөрдү  киргизүү керек деп билдирди.

Кыргызстандын азыркы  Баш Мыйзамы буга чейин 8 жолу өзгөртүлгөн.  Өлкөнүн негизги  мыйзамы 1993-жылы 5-майда легендарлуу Парламент тарабынан кабыл алынган.  Конституцияга өзгөртүүлөрдү  киргизүү жагынан Кыргызстан постсоветтик өлкөлөр боюнча  алдыңкы орунда экендигин талдоочулар айтышат. Деген менен дүйнөдө  Конституцияны өзгөртүү боюнча алдыга чыкан мамлекеттер бар. Мисалы, Туштүк Америкадагы Аргентина Конституциясын кабыл алгандан бери 180  жолу өзгөрткөн,  ал эми АКШнын Баш Мыйзамы 26  ирет  жаңыртылган.   

Гүлбүбү Усенова БИРИНЧИ РАДИО

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз