Экономика

Чет жакта жүргөн кыргыз мигранттар КРге 2 млрд доллардан ашык акча которушкан image Фото: www

18 Дек, 2017 8850

Чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары ушул жылдын он айында Кыргызстанга 2 миллиард 88 миллион 730 миң доллар которгон. Улуттук банктан билдиришкендей, которулган каражаттын көлөмү өткөн жылга караганда 468 миллион 730 миң сомго өстү. Былтыр бул көрсөткүч 1 миллиард 615 миллион 110 миң доллардан бир аз ашкан. 

Россиядан — 2 миллиард 44 миллион 430 миң доллар которулса, калган сумма Казакстан жана алыскы чет өлкөлөрдөн кирген. Маалым болгондой, чет жактарда миллионго жакын кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын 80 пайызы Россияда.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз