Коом

Баткен районунун айыл аймактарында таштандыдан арылтуу иши башталды image Фото: vb.kg

20 Дек, 2017 1066

Баткен районунун Дара айыл аймагындагы айылдарды таштандыдан арылтуу иши башталды. Жергиликтүү бийлик уюштурган атайын унаа ар бир айылды жумасына бир ирет кыдырып таштандыны жыйнап кетет. 

Бул жумуш калк көп жайгашкан Чек жана Жаңы-Жер айылдарынан башталды. Жыйналган таштанды айылдын сыртындагы атайын аянтка төгүлөт. 

Таштанды ташууга кеткен чыгым азырынча айыл өкмөт тарабынан каржыланып жатат. Бара-бара жергиликтүү жашоочулар тазалык ишканасына аз өлчөмдө акча төлөшөт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз