Society

"Манас" аэропортунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыңгайлуу шарттар түзүлдү image Фото: vb.kg

21 Дек, 2017 935

"Манас" Эл аралык аба майданына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тепкичтерге атайын жабдуулар орнотулду. Алардын видеосу компаниянын Facebook баракчасына жарыяланды. 

Мындай аракеттер майыптардын аэропорттун ичинде ээн-эркин жүрүүсү үчүн жасалууда. Атайын жабдуулар аэропорттун экинчи кабатынан үчүнчүгө көтөрүлүп-түшүү үчүн орнотулган. 

Ошондой эле башка жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн ар бири бир миң килограммга чейин жүк көтөрө алуучу эки лифт коюлду. Адистер билдиргендей, бардык жабдуулар эл аралык стандартка жооп берет.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз