Экономика

Кыргызстанда сырткы кийимдер көп тигиле баштады image Фото: vb.kg

21 Дек, 2017 6405

Кыргызстанда ич кийим менен бут кийим азыраак чыгарылып калганы менен пальто, курткалар көбүрөөк тигиле баштады. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдын январь–ноябрь айларына карата социалдык-экономикалык абал боюнча отчетунда айтылды. Бул аралыкта 3 миллион 460 миң түгөй бут кийим тигилген. Былтыркы жылдын ушул убактысындагы көрсөткүчтөн 2 миллион 9 миңге аз. Ал эми ич кийимдердин саны 414 миң даанага азайып, 7 миллион 286 миңди түздү. Аны менен катар эркектердин сырткы кийими — дээрлик үч жарым миллион даанага, аялдардыкы — 15 миллион 800 миң даанага жетти.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз