Саясат

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгына бекитилди image Фото: www.

21 Дек, 2017 7561

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында электрондук жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Толкунбек Абдыгулов бир добуштан Улуттук банктын төрагалыгына шайланды. 

Эске салсак, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов ушул жылдын 11-декабрында Бажы кызматынын төрагалыгына дайындалгандан кийин бул кызмат бош калган. 

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылдын августуна чейин Улуттук банкты башкарып келген. 2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер-министр, ал эми ноябрь айынан тарта вице-премьер-министр болгон.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз