Ден соолук

Кыргызстанда кургак учукту дарылоонун жаңы үлгүсү киргизилүүдө image Фото: www.

22 Дек, 2017 15457

Кыргызстан кургак учукту дарылоонун жаңы тартибине өтүүдө. Ал мурунку үлгүдөгү дарылоого караганда арзан жана терс таасирлери жокко эсе. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШ элчилигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, кургак учукка каршы долбоорунун алкагында дары-дармектерге туруктуу кургак учук менен жабыркаган көптөгөн бейтаптар кыска мөөнөттүү дарылоого өткөрүлөт. Мындай тартип адаттагы 20-24 айдын ордуна 9-12 ай гана дарыланууну талап кылат. Эске салсак, дарылоонун жаңы үлгүсү 2017-жылдын январында Чүй облусунда жана Бишкекте киргизилген. 

Ноябрь айынан баштап, жаңы дарылоо тартиби Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында колдонулабаштады. Ал эми өлкөнүн бардык жерлерине 2018-жылдын жазында өтүшү мерчемделүүдө.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз