Дүйнө

Зеличенко: Орток пикирди таап эки тарап сүйлөшүүсү керек image Фото: mstyle.lugansk.ua

15 Март, 2016 939

Анкаранын борборунда болгон жардыруудан жабыркаган Кыргызстандыктар жок. Кандуу окуянын кесепетинен 37 адам набыт болуп 70тен ашык адам оруканада. Бир нече адамдын өмүрүн алган жардырууну эч ким мойнуна ала элек. Бирок түрк күч түзүмдөрү жан кечтилердин өздүгүн аныктагандыгын билдирүүдө. Андан сырткары учурда  14 адам окуяга  шектелип кармалды.

Жардыруу кечкурун Анкаранын борборунда болгон. Элдер көп аялдамада жанында жеңил авто унаа жарылган. Жардыруу абдан катуу болгон анын үнү  бир нече чакырым алыстыкта угулган.  Анын кесепетинен аялдамадагы автобус жана бир нече авто унаа күйүп кеткен.  Расмий маалыматтарга ылайык кандуу окуядан жабыркаган жана каза болгондордун арасында Кыргызстандыктар жок.

Адам өмүрүн алган жардырууну эч бир топ өз мойнуна ала элек. Жергиликтүү түрк күч түзүмдөрү болсо муну Курд жумушчулар партиясы уюштургандыгы айтышты. Анткени жарылган авто унаада болгон жан кечтилердин өздүгүн аныктаган, алардын бирөө 24 жаштагы Курд жумушчулар партиясынын мүчөсү экендиги айтылууда.  Андан сырткары окуяга тиешеси бар делип 14 адам кармалгандыгын жергиликтүү басылмалар билдирүүдө.

Каргашалуу окуянын болгондугуна байланыштуу көптөгөн мамлекет башчылар түрк элине көңүл айтышты.  Оруссия президентти Владимир Путин Бириккен Улуттар Уюмунун Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун жана Президенти Алмазбек Атамбаев дагы  Туркия башчысы Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Ал эми  Туркиянын Ички Иштер министри Эфкан Ала каргашалуу окуяга тиешеси бар адамдар өз жазасын аларын айтат.  

Эфкан Ала: Биз терроризмге каршы күрөшүүбүздү токтотпойбуз. Элдин коопсуздугу,  жарандардын бейпилдиги үчүн тиешелүү аракеттерди көрөбүз. Баардык тиешелүү  чараларды колдонуп муну аткаргандар өз жазасын алышат

Ал арада Кыргызстандык талдоочулар да мындай каргашалуу окуяларга ички жана тышкы күчтөрдүн байланышы бар экендигин белгилешүүдө. Коргоо иштери боюнча серепчи Александр Зеличенконун айтымында мындай кандуу окуяларды болтурбоо үчүн тиешелүү чараларды көрүү менен бирге элдешүүгө баруу зарыл.

Александр Зеличенко: Орток пикирди таап эки тарап сүйлөшүүсү керек. Мен тигилер жаман булар жакшы деп айтпайм.  бирок Күрд жумушчулар партиясы менен Түрк  бийлигинне сүйлөшүүгө баруусу керек. Анткени мындан кандуу окуялар кайталанышы  ыктымал. Андан сырткары бей тарап жактар эки жактын ортосуна кирип элдештирүү  аракеттин көрүү керек. Себеби 25 жылдай эки элдин ортосундагы начар мамиле  ушуга алып келүүдө.

Эске сала кетсек мындай жардыруу Туркияда алгачкы жолу болуп жаткан жок. Буга чейин төртөө болуп жалпы жардыруулардын кесепетинен 200дөй адам набыт болгон.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз