Энергетика

Аксы райондук электр тармактар ишканасынын имараты жаңыланды image Фото: KTRK/videograp

25 Дек, 2017 16599

POST1RIGHT

Аксы райондук электр тармактар ишканасынын имараты жаңыланды. Заманбап имарат эки кабат болуп салынып, зарыл болгон бардык жабдуулар менен камсыздалган. 

Ал энергетиктердин кесиптик майрамы күнү пайдаланууга берилди. 1960-жылдары курулган имарат авариялык абалга келип, такыр эле эскилиги жетип, бөлмөлөр жетишсиз эле. Жаңы имаратты “Жалал-Абад электр” ишканасы өз каражатынын эсебинен салган. Курулушка 8 миллион сом сарпталган. 

Учурда Аксы райондук электр тармактар ишканасында 100 гө чукул кызматкер эмгектенет.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз