Society

Токмок шаарында суу жээктерин тазалоо уланууда image Фото: KTRK/videograp

25 Дек, 2017 1193

Токмок шаарынын жана Чүй районунун бир катар айылдарында дренаждык системаларды тазалоо иштери уланууда. Буга чейин жер алдынан чыккан суулардын деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу бул аймактарга өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген. 

24-декабрда Токмок шаарынын Саадаева көчөсүндө узундугу 450 метрди түзгөн кургатуучу арыктар тазаланды. Ал эми Жаантаев көчөсүндөгү узундугу 520 метрлик ушундай эле система толугу менен тазаланып бүттү. 

Мындан тышкары, Октябрдын 70 жылдыгы, Охотничья, Иваницин, Слабоцкая, Ибраимов жана Космодемьянская көчөлөрүндө жайгашкан арыктардын боюндагы бак-дарактар кыйылды. Ошондой эле Школьная көчөсүндөгү жана Бурана көчөсүндөгү узундугу 150 метр болгон кургатуучу канал тазаланды.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз